00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
08:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБде курулуш сектору кандай өзгөрүүдө — курулуш материалдары жетишсизби?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Конец «ограниченной» ответственности: почему новая реформа пугает бизнес в КР
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жумуш жана тобокелдиктер: Россияда кыргызстандыктар кандай көйгөйлөргө туш болушат?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать, если ваш ПИН совпал с чужим - советы специалистов
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жеке пенсиялар: топтомолорду инвестициялоо эрежелери кандайча өзгөрөт?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом 2.0: как университеты Кыргызстана превращаются в научные хабы
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Чехословак «Интергельпо» кооперативинин кыргыз мамлекеттүүтүлүгүнун түптөлүшүнө кошкон салымы
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
20:06
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
20:23
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
21:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жетишет! Бишкектик маичилердин жинине тийген 9 нерсе

© Фото / пресс-служба МВД КРНовая служба “Патрульной милиции” МВД КР в Бишкеке
Новая служба “Патрульной милиции” МВД КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш учурунда Кайгуул милиция кызматкерлеринин жинин келтирип, капа кылган көрүнүштөр тууралуу Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясынын өкүлү айтып берди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы ар кыл тармактагы кызматкерлердин нервин кашайткан учурлар тууралуу материалдарды даярдап келет. 

Бул жолу Кайгуул милициясынын өкүлү иш учурунда аны кандай жагдайлар капа кыларын айтып берди. Белгилүү себептерден улам анын аты-жөнү жарыяланган жок. 

Бишкектик борборунда жулкулдашкан кайгуул милициясы менен айдоочу. Топтошкон эл - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик борборунда жулкулдашкан кайгуул милициясы менен айдоочу. Топтошкон эл
Көпчүлүк учурда эреже бузгандар жогорку жактагы "крышаларына" телефон чалам деп коркутушат. "Сен кимди токтотконуңду билесиңби? Азыр мен тигиге чалсам сени эки саатта жок кылат" дешет. Алар үнүн өктөм чыгарып тың болушат. Саатына 40 чакырым гана жүрүүгө болот деген белгиден айрымдар саатына 120 чакырым ылдамдык менен өтүшөт. Себеби анын жогору жакта "байкелери" бар да. Анан калса машинасынын номери дагы "крутой";

"Ээ, байке, сиз менен сүйлөшөм деп жатат" деген айдоочу жол эрежесин бузбаган аппак адамдай түр көрсөтүп телефонун "мэ, сүйлөшүп койчу" деп сунат. Ал эми линиянын аркы жагындагы киши абалды жөнгө салууга аракет кылып, регистраторго тартылган видеону өчүрүп, токтоткон кишини дароо коё берүүнү айтат; 

Бир күнү жолугуп калышыбыз толук мүмкүн деген коркутуулар. Туура түшүнүңүздөр. Бул биздин жумушубуз. Сиз балаңызга эки койгон мугалимдерди урушпайсызда, туурабы? Эгер жол эрежесин бузсаңыздар, мыйзамдуу негизде айыбын төлөп коюуңуздар. Бир күнү чын эле көрүшүп калып менден өч ала турган болсоңуз ИИМдеги кесиптештерим артыңыздан түшөт. Ошондуктан жол эрежесин бузуп алсаңыз катаны моюнга алып, кийин кайталабаганга аракет кылганыңыз оң. 

Бишкектин Кайгуул милициясы көп турган жерлери – карта - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Кайгуул милициясы көп турган жерлери – карта
Атайын жабдык жок болгондуктан айдоочунун ичимдик ичкендигин же ичпегендигин аныктоо үчүн анын оозун жыттоого туура келет. Тишиңерди жууп жүргүлөчү! Тазалыкты сакташ керек да!

"Кыргызча бүтүрөлү" — ушул сөз күйбөгөн жерди күл кылат. Сиз тартип сакчылары менен сүйлөшүп жатканыңызды эстен чыгарбаңыз… 

"Мыкты коргонуу — бул чабуул жасоо" бирок мындай ыкма Кайгуул милициясына келгенде иштебейт. Сизди жол эрежесин бузгандыгыңыз үчүн же рейд учурунда токтотушат. Ошондуктан айкырып чыгыштын кереги жок. Өзүңүздөр ушундай мамиле жасап алып, кандай жооп күтөсүздөр? Булар да адам. Эмоциясы, ачуусу бар.

Документтерин текшерүүгө бербей убакытты алгандар кыжырды келтирет. Мындай адамдар албетте күмөн жаратат. Сизди Интерпол издеп жатабы, же банкты тонодуңуз беле? Документтериңизди текшерүү — биздин милдетибиз да. 

Мас абалында милиция кызматкеринин чекесин жара тепти делген ырчы кыз Алтынай Жайнакованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Алтынай Жайнакова: милиция кызматкерлери мени шылдыңга алып кордошту
Бардык автоинспекторлор телефонун бетке такаган айдоочулардан жадап бүтүштү. Урматтуу режиссерлор камераңарды себеби бар деле, жок деле алып чыга бересиңерби? Дегеним, документтерди текшерүү үчүн унааны токтотсоң эле айдоочусу Facebook баракчасына пост жазганга жетишип калган болот. Биз албетте талкуунун башкы каарманы болуп жатып калабыз. 

Депутаттын жардамчысы, прокурордун жардамчысы деген документтерин көрсөткөн адамдар нервиңди гана бузушат… Сиз эрежени буздуңуз демек жооп беришиңиз керек! Кыскасы биздегилер чоңдугуна салганды жактырышат. 

Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери окурмандарды жол эрежесин сактоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0