БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов көпчүлүк добуш менен төраганын орун басары болуп шайланды.
Аталган кызматка жалгыз Төлөновдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. "Бир Бол" фракциясы өзүнүн талапкерин көрсөтүүдөн баш тарткан. Төлөновду колдоп 104 депутат добуш берсе, 3 депутат каршы болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин вице-спикерликти аркалап келген Нурбек Алимбеков Тайванга барып келгенден кийин Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы алака-катнашка доо кетпесин деген ниет менен аталган кызматтан кеткенин жар салган. Ал Тайванга жумушчу сапар менен барган деп айыпталган. Учурда Кытай менен Тайвань бири-биринин эгемендүүлүгүн тааныбай келет. Ал эми Кыргызстан Кытай менен алака курат.
"Кыргызстан" фракциясы көпчүлүк коалициясына кирип, вице-спикердин бирин дайындоо аталган фракциянын энчисине тийген.