БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ирандык спортчу-бодибилдер аял машыгып жаткан жеринен майкачан селфи кылганы үчүн түрмөгө түштү. Бул туурасында РИА Новости Daily Mail басылмасына шилтеме кылып билдирди.
Аялдын кыска жеңдүү футболка менен түшкөн сүрөтүн мамлекеттин мыйзамдарын бузгандык катары баалашты. Басылма аял күрөө акча төлөй албагандыгы үчүн учурда түрмөдө отурганын билдирди.
Иранда аялдар башына жоолук салынбаса да "жылаңачтанып" жүрөт деп эсептелет. Мындан сырткары коомдук жайларда колу, буту ачык жүргөнгө тыюу салынган.
Аялдын аты-жөнү аталган эмес, бирок жергиликтүү басылмалар, бул ирандык бодибилдинг менен алектенген Ширин Нобахари деп божомолдоп жатышат.