БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жалал-Абаддагы эс алуучу борборлордун биринин ээсине кол салуу болгонун облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, окуя бүгүн Индустриал көчөсүндө катталган.
"63 жаштагы Абдусатар Азизов аттуу ишкер тапанчанын огунан жаракат алды. Учурда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жабырлануучунун туугандары Азизов өз унаасында кетип баратканда белгисиз киши ок чыгарганын айтышты", — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын күч кызматкерлери окуя болгон жерден травматикалык тапанчанын окторун табышкан. Аталган факты боюнча "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.