БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанындагы дачалар жайгашкан аймакка кулап түшкөн учактан улам каза болгондордун саны 28 кишиге жетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
Буга чейин 20дан ашуун киши каза болгондугу кабарланган. Мындан тышкары, кырсык 23 үйгө залал келтиргени белгилүү болгон. Учурда өрт чектелип, куткаруу иштери уланып жатат. Өкмөт кырсык болгон жерде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү жүргөнүн билдирген.