Кененсаров: Жогорку лигага чейинки жол тозокту жети жолу айланып чыккандай

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастники команды КВН "Азия MIX" в Бишкеке
Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Азия MIX" командасынын жеңиши кыргызстандыктар үчүн 2016-жылды эң сонун жыйынтыктап бергени талашсыз.

Участница Азии MIX Ситора Фармонова - Sputnik Кыргызстан
Ситора Фармонова: убадалагандай эле эми турмушка чыгам
Бул тууралуу өлкө президенти Алмазбек Атамбаев дагы жаңы жылдык куттуктоосунда баса белгилеп, 31-декабрь күнү команданы "Данакер" ордени менен сыйлады.

Жогорку лигадагы жеңишинен кийин КВНдин алкагында бир нече концерттерге катышып, Кыргызстанга жыл жаңырганда келген команда мүчөлөрү биздин суроолорубузга жооп берди.

Маектешүүгө негизги курамдан Элдияр, Эрмек Кененсаровдор, Аким Карасаев, Бактияр Дастанбек уулу жана Сергей Душимов келди. 

— Финалда кайсы команда өзгөчө атаандаштык жаратты?

Аким: — Мурманск шаарынын курама командасы, "Спарта" жана "Радио Свобода" командалары былтыркы жылы финалист болгондуктан өзгөчөлөнүп турушту. А биз финалда "новичок" болдук да. Анткен менен алдыга койгон пландарыбызды ашыгы менен аткардык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАким: Мурманск шаарынын курама командасы, "Спарта" жана "Радио Свобода" командалары былтыркы жылы финалист болгондуктан өзгөчөлөнүп турушту. А биз финалда "новичок" болдук да
Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Аким: Мурманск шаарынын курама командасы, "Спарта" жана "Радио Свобода" командалары былтыркы жылы финалист болгондуктан өзгөчөлөнүп турушту. А биз финалда "новичок" болдук да

— 2017-жылы кандай жаңылыктар менен кубандырасыңар?

Эрмек: — КВН жаатында, албетте, ар кандай долбоорлор болот. Мисалы, Чемпиондор кубогунан биз кутула албайбыз.

Сергей: — Кутула албайбыз дегениң кандай, Эрмек? Эптеп жармаша албай жатсак (күлүп). Өмүр бою жайкы кубокто ойноону тилек кылганбыз. Ошол максатыбыз ишке ашканы турат. 

Эрмек: — Ал эми теле жаатында айтсак, "Большие люди" сыяктуу токтоп турган долбоорлорубуз бар. Аны бир аз өзгөртүп ишке киргизебиз. Жаңы каармандар пайда болот. Андан тышкары, "Ала Тоо" КВН лигасы февраль айынан тарта өз ишин баштайт. Андыктан энергиясы ашып-ташып жаткан тамашакөй жаштарды кызматташууга чакырабыз. Бул тууралуу кененирээк маалыматтар берилет. 

Участники КВН команды Азия MIX во время интервью после победы в Высшей лиге - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: "Азия MIX" командасынын жеңиши кыргыз элине жаңы жылдык белек болду
— Элдияр, командаңызда таланттуу адамдар көп экени талашсыз. Башка өлкөлөрдөн "биздин атыбыздан чыгып бергиле" деген чакыруу болду беле?

Элдияр: —Албетте, болгон, бирок мен аларды атабайм. Атайын бир мамлекеттен расмий кат келген эмес, бирок кайсы бир адамдар "биздин өлкөнүн атынан чыгып бер" деп чоң суммадагы акчаларды сунушташкан.

Эрмек: — Кыргызстандын атынан чыгып жатканыбызга эч кимдин акча бербегени өкүнүчтүү (күлүп). 

— Баса, сиздердин командага мамлекеттен атайын бир каражат бөлүнбөй турганын билебиз. Дайыма колдоо көрсөтүп жүргөндөр болсо керек?

Элдияр: — Командага жардам берген адамдар бар, биз аларга ыраазыбыз. Бирок дайыма эле жардам күтүп отура бербейсиң да, зарыл болуп калганда өз унааларыбызды күрөөканага койгон учурлар да болду.

Эрмек: — Мына мисалы, Бактиярдын унаасын койгонбуз, кийин ала албай калып, машина ыйлаган бойдон кетти. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭрмек: "Большие люди" сыяктуу токтоп турган долбоорлорубуз бар. Аны бир аз өзгөртүп ишке киргизебиз
Участники команды Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эрмек: "Большие люди" сыяктуу токтоп турган долбоорлорубуз бар. Аны бир аз өзгөртүп ишке киргизебиз

— Бул жолку байгеңерди эмнеге коротосуңар?

Бактияр: — Карыздарыбыздан кутулабыз (күлүп). 

Элдияр: — Биз ар дайым байгелерибизди боло турган оюндарга сарптайбыз. Ал эми келерки оюнубуз — Сочи фестивалы. Баса, биздин татарстандык дагы демөөрчүбүз бар. "Анын Кыргызстанга эмне тешеси бар?" деп ойлошуңар мүмкүн. Ал адам жөн гана бизге ишенген. Бирок бул жолу байге акчабыз бар эмеспи, Сочи фестивалына эч кимден каражат сурабайбыз деп турабыз.

— Команданын каармандары жөнүндө сүйлөшпөйлүбү? Тажик ырчысы, казак шаманы, баңгини катуу "үгүттөгөн" Бакыт… Мисалы, айрымдар Сергейди чын эле тажикстандык деп ойлошот экен…

Сергей: — Мен Абдулниязов эмесмин, тажикстандык дагы эмесмин. Өзүбүздүн эле Фрунзеде төрөлгөм. 

Эрмек: —Акыркы кездерде Сергей Абдулниязов эмес экенине өзү да ишенбей баратат.

Сергей: — Абдулниязов – бул супермэн деп койсо болот. Бир жерге кире калып, костюмун кийип чыга калат го, мен деле ошондой, мурутумду чаптап чыга калсам эле Абдулниязов болуп калам. 

Эрмек: — Сережанын көйнөгүн чечип көрсөңөр төшүндө супермэндикиндей "S" деген белгиси бар.

Бактияр: — А мен чын эле шаманмын. Мага "сен чын эле казаксыңбы?", "өзүңдүн чачың ушундайбы?", "тукумуңарда шамандар барбы?" деген суроолорду көп беришет. Абдулниязов сыяктуу эле роль бөлүштүргөндө мага казак шаманы туш келип калган, каршы болгон жокмун. Болбосо кыргыздын эле жигитимин. Чачым боюнча айтсам, мурда чын эле ушинтип жүрчүмүн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлдияр: кайсы бир адамдар "биздин өлкөнүн атынан чыгып бер" деп чоң суммадагы акчаларды сунушташкан
Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Элдияр: кайсы бир адамдар "биздин өлкөнүн атынан чыгып бер" деп чоң суммадагы акчаларды сунушташкан

— КВНдин айынан үйдө айлап жок болосуңар. Чыр-чатактар, түшүнбөстүктөр болбойбу?

Эрмек: — Жок, бул жагынан ар бирибиз келинчектерибизге ыраазычылык билдирсек болот. Баардыгы түшүнөт, колдоп турушат. Мисалы, агам Элдиярдын келинчеги, менин жеңем команданын директору, биз менен оюндарга барып, катышып турат. Ушул жолку оюнда баарыбыздын жубайларыбыз оюнга келишти. 

Снимок с официального сайта Первого канала. Видео финальной игры Высшей лиги Клуба веселых и находчивых - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасынын жеңиши — КВН финалынын толук версиясы
Элдияр: —Мен өзүм жөнүндө айтайынчы. Былтыр эле келинчегим Камилага КВНди жыйыштырам деп сөз бергем. Бирок Сочиде балдар менен ушул жолку сезонго катышалы деп чечим кабыл алып койгондон кийин аны Камилага көпкө чейин айта албай жүрдүм. Эки алган окуучу жалтактап, үйүнө кире албай турат го, мен да ошондой болгом. Анан акыры айтууга туура келди. Сүйлөшүүбүз албетте жипке тизгендей болгон жок, бирок акыры түшүнүштүк. Акырында "Анда алтын медалсыз келбе" деди, ошол сөз жүрөгүмдө калып калыптыр. 

Эрмек: — Биздин балдардын жубайларынын КВНди жек көрүүгө себеби жок. Анткени дээрлик баардыгыбызды КВН тааныштырды. Мисалы, мени келинчегим "Большие люди" долбоорунан биринчи жолу көрүптүр. Мен ага КВН аркылуу жеттим да. Ошол кезде таанышып, бир нече жолу жолукканбыз. Бирок Эрмек токтолуп, ойлонгуча алты жыл өтүп кетти. Ошол аралыкта мени күтүп жүрдү.

Аким: — Мени болсо келинчегим Камеди Батлдан көргөн экен. Ошондо эле жактырып калганбы, айтор, балдар экөөбүздү тааныштыралы деп чечишкен окшойт. Досум айтып калды "бир кыз бар, бардык жагынан сага төп келет, бирок бир гана адаты бар, катуу күлгөндө сөгүнүп иет" деп. Мен дароо эле "анда мен ошол кызды алам " деп айттым. Бир күнү тааныштырышты. Экөөбүз машинада сүйлөшүп отуруп, мен тамашаласам, күлүп атып сөгүнүп салса болобу? Кыскасы ошол, үйлөнүп алдык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБактияр: мага "сен чын эле казаксыңбы?", "өзүңдүн чачың ушундайбы?", "тукумуңарда шамандар барбы?" деген суроолорду көп беришет
Участники команды Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бактияр: мага "сен чын эле казаксыңбы?", "өзүңдүн чачың ушундайбы?", "тукумуңарда шамандар барбы?" деген суроолорду көп беришет

— Жаңы жылдык куттуктоосунда президент Атамбаев силердин команда тууралуу сөз кылды. Кандай кабыл алдыңар?

Бактияр: — Чынын айтканда президент сүйлөп жатканын ошол маалда укканга жетишпей калдык. Биз ал күнү иштеп жатканбыз. Үйгө чуркап келатып, жаңы жылды тепкичте тосуп калдык.

Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Ыр сахна. Атактуу ырчылардын жан сыры, үмүтү, арзуусу…
Элдияр: — Ооба, чын эле Аким, Бактияр Эрмек, мен болуп үйгө кирүүгө үлгүрбөй калдык. Баарыбыз Алматы шаарында болчубуз. Бирок жоопкерчиликтүү жаран катары президенттин куттуктоосун кийинчерээк YouTube каналынан көрдүк. Ал бизди куттуктап жатканы үчүн эле эмес, милдет катары көрдүк. Чынын айтсам өтө жагымдуу болду, көзүмөн жаш чыгып кетти. Колдоосу үчүн Алмазбек Шаршеновичке чоң рахмат! Бизге окшогон чыгармачыл, өлкө намысын чет жерде коргоп жүргөндөрдү чын дили менен колдоорун билем. Биз үчүн ар дайым санаа тартып тураарын жанында турганда көздөрүнөн көрөм. 

— Финалда кыргызстандыктардын көпчүлүгү "Азия MIX командасына экинчи орунду берип коюшат го" деп божомолдоп жатышты эле. Өзүңөрдө кандай абалда болдуңар?

Элдияр: — Мен "Мурманск" жеңишине акча коюп койгом. Тамаша, албетте. Жеңишке ишенбей ойноо туура эмес деп ойлойм.

— Кыргызстан эмне себептен буга чейин жогорку лигага жакындай алган эмес?

Эрмек: — Менимче, уюштуруу иштери анча болгон эмес.

Бактияр: — Ооба, балким бир кезде менеджменти, дагы бир убакта тамашалары талапка жооп берген эместир, азыр ошонун баары чогулуп, идеалдуу болуп турган учур.

Элдияр: — Биз ал кезде жыйырмадан жаңы ашкан уландар болчубуз, тамашалар дагы баланыкындай эле. Азыр, мисалы, мен 32ге чыктым. Үй-бүлөлүү болдум, жашоого болгон көз караш өзгөрдү, бышып жетилдим дегендей. Ушунун баары таасир этет экен. Көрүүчүлөр сахнадан көргөн командалар жалпы катышуучулардын бир гана пайызы. КВНге жалпысынан 600гө жакын команда келет, иргелип отуруп Жогорку лигага 20 команда чыгат. Бул жол тозокту жети жолу айланып чыкканга барабар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСергей: Абдулниязов – бул супермэн деп койсо болот
Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сергей: Абдулниязов – бул супермэн деп койсо болот

— Финалдык оюндун алдында өзгөчө түрткү берген жагдайлар болдубу?

Эрмек: — Эркекчилик. Жаратылышта чыныгы эркек сөзүнө турат, каалаганын багындырат эмеспи. Ушул сезимдер алдыга сүйрөдү. Анткени, мен мурдагы сезондо кетип жатканда жубайыма айткам, финалга чыгып келем деп. Бул жолкусунда алтын медалсыз үйгө кайтууга акым жок болчу, өзүмө сөз бергем.

— КВНдин жогорку лигасына жол салып, көптөгөн жаштарга үлгү болдуңар. Эми оюнга кызыккандар көбөйүшү мүмкүн. Аларга кандай кеңеш бересиңер?

Элдияр: — Биринчи — эмгек, экинчи — изденүү, үчүнчү — кыял. 

Сергей: Негизгиси эч качан артка кетпеш керек. Анткени 100 жолу тамаша айтсаң эч ким күлбөй, жүз биринчисине эл боору эзилип кулап калышы мүмкүн.

Эрмек: —Кыялга ишениш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0