БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкекте бир суткада мектептин эки окуучусун сүзүп кеткен окуя катталды. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Биринчи жол кырсыгы Сүйөркулов көчөсүндө шейшемби күнү 12:30да болгонң
"Сүйөркулов көчөсүндөгү 16-үйдүн алдында 7-каласстын окуучусун унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу өз алдынча үйүнө жетип, ата-энеси шаардык №3 балдардын ооруканасына алып келген. Качып кеткен айдоочуну издеп жатабыз", —деди башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Таалай Бугубаев.
Экинчи жол кырсыгы ошол эле күнү Тыналиев көчөсүндө 14:50дө болгон.
"Манас университетинин маңдайында 7 жаштагы 3-класстын окуучусун унаа коюп кеткен. Ал дагы №3 балдардын ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер жабырлануучулардын жаракаты жеңил экенин айтышууда", —деп кошумчалады Бугубаев.
Биринчи жол кырсыгы боюнча Кайгуул милиция окуяга күбө болгондорду көмөктөшүүгө чакырууда. Эгер окуучуну сүзүп кеткен унаанын мамлекеттик номери же маркасы тууралуу маалымат болсо (0 312) 53-22-33, 53-01-81, (0 772) 18-88-21 телефондоруна кайрылыңыздар. Айдоочуну милицияга келип окуя боюнча түшүнүк кат жазууга чакырышууда.