БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Күрөш боюнча студенттер аралык дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы беш медаль менен кайтты. Бул тууралуу чемпионаттын расмий сайты маалымдады.
Түркиянын Чорум шаарында өткөрүлгөн мелдеш 26-октябрда башталып, 30-октябрда жыйынтыкталган.
Дүйнөлүк биринчиликтен 59 килограммга чейинки салмак категориядагы Каныбек Жолчубеков жана 75 килограммга чейинки категорияда мелдешкен Эсен Асанов алтын медалга ээ болушту. Ал эми коло медалга Улугбек Жолдошбеков, Эламан Догдурбек уулу жана кыз-келиндер арасында Мадина Надирова ээ болушкан. Дагы эки балбан бешинчи орунду багынтса, калгандары 7-8-орундарга татыды.
Жалпысынан Кыргызстандын атынан тогуз спортчу мелдешке катышкан.