БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Тогуз-Торо районунда беш күн мурда чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейинки маалыматтарда Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдин үйүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан эки жаран мончого барабыз деп чыгып кеткен бойдон кайтып келбегени кабарланган. Издеген топ алардын бирөөсүнүн сөөгүн тапкан.
ӨКМ эми экинчи кишинин жансыз денеси табылганын кабарлады.
"28-октябрда саат 10:45те Казарман — Жалал-Абад автожолундагы Сары-Кыр ашуусунан экинчи кишинин сөөгү табылды. Учурда издөө жүргүзгөн топ сөөктү алып, окуя болгон жерден чыгып кетти", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.
Министрлик сөөк Тогуз-Торо райондук ооруканасынын өлүктөрдү кармоо бөлүмүнө жеткирилгендигин кошмчалады.