БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Эки айдан бери изделип, акырында Казакстандан табылган 15 жаштагы Айпери документтери жок болгондуктан Кыргызстанга өтө албай чек арада турат. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.
21-августта Сокулук районундагы Шалта айылында наабайканада иштеген 15 жаштагы Айпери аттуу кыз жоголгон. Кыздын туугандары аны чогуу иштеген 29 жаштагы Кубанычбек аттуу жигит ала качып кетиши мүмкүн деп шектенишкен.
15 жаштагы Айпери Сүймөнкул кызы ата-энеси менен кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" чек ара пунктунан жолугушту.
Маалыматка ылайык, Айпери менен Ош облусунун 29 жаштагы тургуну Кыргызстандын чек арасына келди. Экөөнүн тең документи жок болгондуктан чек арачылар аларды коё беришкен эмес. Буга чейин өспүрүм кыз менен аталган киши Казакстанга мыйзамсыз киргени айтылууда.
Чүй ИИББден маалымдашкандай учурда бул маселе эки өлкөнүн Кылмыш иликтөө жетекчилеринин деңгээлинде чечилип жатат.