БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченконун Lion Fight титулун коргоо үчүн дагы бир таймаш өткөрө турганы аталган уюмдун Facebook баракчасына жарыяланды.
Бул жолу кыргызстандык спортчу голландиялык Илона Вийманс менен беттешип, мелдеш 18-ноябрда АКШнын Коннектикут штатындагы Фоксвуд казиносунун аренасында өтөт.
Эске салсак, июлдагы таймашта Антонина Шевченко Lion Fight муай-тай боюнча күрөшсүз эле чемпион деп таанылган. Атаандашы Аннабель Гелли допинг үчүн беттешүүгө кирбей калган. Сентябрда Lion Fight Promotions эл аралык уюму Шевченкону чемпиондук курун коргоо үчүн Lion Fight 31 турниринин алкагында беттешүүгө чакырган. Анда кыргызстандык спортчу Паоло Капуччи менен мушташып, калыстардын чечими менен жеңишке жетишкен.
Шевченконун бу жолку атаандашы Илона Вийманс K1 мушташынын муай-тай жана кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болуп саналат.