БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы Абдрахманов көчөсүндө Lexus менен Toyota Camry сүзүшүп, үч киши жарадар болду. Бул туурасында Кайгуул милициясынан билдиришти.
Маңдай-тескей сүзүшкөн кырсыктан жабыркагандар ооруканага жеткирилди.
Алдын ала маалыматтарга караганда жол тандабастын айдоочусу мас болуп, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен.
"Рулда Токмоктун 34 жаштагы тургуну отурган. Күбөлөрдүн айтымында, Абдрахманов көчөсү менен кетип бара жатып, жолдун каршысына, автоунаалар келе жаткан жаткан тарапка чыгып кеткен. Анын кесепетинен маңдайда келе жаткан Toyota Camry менен бетме-бет сүзүшкөн. Жол тандабастын айдоочунун мас экендиги байкалган. Учурда анын ичкен-ичпегени текшерилип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Toyota Camry унаасынын ичинде эркек жана аял киши болгон. Экөө тең Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборуна жаткырылды. Кырсыкка кабылгандардын абалы азырынча белгисиз.