БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бажы кызматы Мамлекеттик сатып алуулар порталына Swarovski таштары чөгөрүлгөн кол сааттарды сатып алууга тендер жарыялады.
Бажы кызматынын өкүлү Жаманак Мусурканов ал сааттар кандай максатта алынарын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
"Жалпысынан 60 кол саат алынат. Анын 20сы аялдар, 40ы эркектер үчүн. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында бажы кызматынын түзүлгөнүнө 25 жыл толот. Ага карата Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму менен бир катар мамлекеттердин Бажы кызматынын жетекчилери келишет. Бул сааттар коноктордун айрымдарына белек катары тапшырылат", — деп ырастады Мусурканов.
Каражат мамлекеттик бюджеттин эсебинен бөлүнгөн.