Калый Молдобасанов тууралуу 5 факты. Манасчынын композитор тукуму

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүЗалкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун архивдик сүрөтү
Залкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн залкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасанов тирүү болгондо 87 жашка чыкмак. Журналист Гүлдана Талантбекова кайталангыс талант тууралуу 5 фактыны сунуштайт.

Драматург, жазуучу Султан Раевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Раевдин "Жанжаза" романы жөнүндө 7 факты. Каркылдаган каргалар илхам берип…
Аккан арыктан суу агат. Калый Молдобасанов 1929-жылы 28-сентябрда Ак-Талаа районунун Терек айылында жарыкка келген. Бул даңазалуу композитордун тагдыры өнөр династиясынан келгендей туюлат. Кыргызда "аккан арыктан суу агат" деген накыл сөздүн төркүнү чындык. Калый аганын атасы кыргыз оозеки адабиятындагы алптардын бири, чоң манасчы, Кыргызстандын эл артисти Молдобасан Мусулманкулов болгон. 

Күжүрмөн аракет. 12 жашар Калый кыргыз филармониясынын дирижер, композитор Петр Федорович Шубин жетектеген азыркы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин курамына артистикке кабыл алынат. Ал өркүндөтүлгөн комузду чертет. Бир эле мезгилде Молдобасанов Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайында скрипка, дирижерлор классында окуйт. Аны артыкчылык диплом менен бүтүрүп, Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын дирижерлук классына өтүп, профессор Гинзбургдон таалим алат. Аны 1954-жылы кызыл диплом менен аяктайт. Аны бүтөрү менен азыркы Кыргыз улуттук Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында катардагы дирижер, кийин башкы дирижер болуп иштейт. 

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүЗалкар дирижер, улуу композитор Калый Молдобасанов институт оркестрин дирижорлук кылуу мезгилинде
Молдобасанов дирижирует оркестром института - Sputnik Кыргызстан
Залкар дирижер, улуу композитор Калый Молдобасанов институт оркестрин дирижорлук кылуу мезгилинде

Тубаса шык. Калый Молдобасановдун тубаса дирижерлук шыгы, билиминин тереңдиги, изденүүчүлүгү, чеберчилиги дүйнөлүк "Отелло", "Борис Годунов", улуттук "Манас", "Асел" өңдүү ондогон классикалык операларды, балеттерди коюуда, дирижерлугунда айдан ачык көрүнөт. Дирижерлук пультка чыккан күндөн тартып улуу талант ар кыл курактагы жаш жеткинчектер үчүн түрдүү маңыздагы пьесаларды, ырларды чоңдор үчүн лирикалык ырларды, романстарды, вальстарды жана башка чыгармаларды жазат. Автордун кыргыздын кесиптик музыкасынын жаны, жүрөгү болгон элдик обондордун, күүлөрдүн берметтери менен шөкөттөлгөн "Жайлоодо", "Селкиге", "Өрттөнсүн бозой жалынга", "Жыргалым белең сезимге" ырлары угармандардын, ырчылардын оозунан түшүрбөй ырдаган сүйүктүү ырына айланат. Өзгөчө "Жайлоодо" ыры өз учурунда улан-кыздардын арасында элдик ыр катары ырдалып калган.

Балетке оогон өнөр. Калый Молдобасановдун тубаса жаркын шыгы башка жазган чыгармаларына караганда балет жанрында ачылат. Ал алгачкы балети — "Куйручукту" композитор Герман Окунев, "Жаңыл Мырзаны" Михаил Бруштин менен биргелешип жазат. Ал эми кыргыздын профессионалдык музыкасынын тарыхында таптакыр жазыла элек Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде атайы балет-ораторияны "Кылым карыткан бир күн" романынын маңызында "Маңкурт жөнүндө баян" аттуу балетти жазышы кыргыз балетинин жаңы баракчасын ачып, дүйнөгө тааныткан. Автор "Саманчынын жолу" балет-ораториясы менен өзү гана эмес, башкы каармандарды ойногон биийчилер Асел Токомбаева, Рейна Чокоева, балетмейстер Улан Сарбагышев СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары болушту. 

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүКалый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" аттуу операсындагы сцена
Сцена из балета Калыя Молдобасанова Материнское поле - Sputnik Кыргызстан
Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" аттуу операсындагы сцена

Саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун эстелиги - Sputnik Кыргызстан
Султан Ибраимов жөнүндө 5 факты. Артка кайтарылган кымыз менен эт
Жараткан эмгекчилди сыйлыксыз калтырбайт. Жалпысынан алганда Молдобасановдун симфониялык бийлери, сюиталары ондогон аспаптык пьесалары, 50дөй вокалдык чыгармалары бар. Ал элдик обон-күүлөрдү иштеп чыккан, эл аспаптар оркестри үчүн оригиналдуу чыгармаларды жараткан. Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары да арбын. Бул эмгектер үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, Кыргыз ССР Жогорку Советинин үч жолку депутаты, СССР эл депутаты болуп шайланган. Мындан тышкары, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси", 3-даражадагы "Манас" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Учурда анын ысымы Кыргыз Улуттук консерваторияга ыйгарылган. 

Улуу талант Калый Молдобасанов 2006-жылдын 29-майында экинчи жолу кан басымы көтөрүлүп, 3-4 күн тил-ооздон калып о дүйнөгө сапар алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0