Султан Ибраимов жөнүндө 5 факты. Артка кайтарылган кымыз менен эт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун эстелиги
Саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун эстелиги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн 20-сентябрь саясатчы, коомдук ишмер Султан Ибраимовдун туулган күнү. Ал киши тирүү болгондо 89 жашка чыкмак. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул датага карата Султан Ибраимов тууралуу кызыктуу беш фактыны даярдады.

Маданият, маалымат жана туризм экс-министри Алтынбек Максутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экс-министр Максутов менен жаңы министр Казаков тууралуу кызыктуу фактылар
Жөнөкөй тракторчудан саясатка карай жол. Саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Кыштакта колхозчу, тракторчу болуп иштеген. 1978-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, ошол эле жылдын декабрь айынан баштап 1980-жылдын декабрына чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрөгалыгына чейин көтөрүлгөн.

Бериле элек наам тууралуу. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүү демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 2014-жылы көтөрүп чыккан. Парламенттин 2014-жылдын 17-декабрь күнкү жыйынында сунуш эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болгон. Бирок али күнчө бул наам бериле элек.

Сын айтуудан коркпогон Ибраимов. Султан Ибраимов жогорку партиялардын форумунун трибунасынан дагы жалпы союздук министрликтерди сындоодон коркпогон киши болгон. Бир жолу Москвадагы сессиядан Леонид Брежневдин көзүнчө жалпы союздук министрди сынга алган. Ушундан кийин кулак-мээни жулуп алгандай тынчтык өкүм сүргөн. Анткени ал убакта жогору жактагыларга антип сын-пикир айтуу эң бир кооптуу кадамдардан болгон.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев жөнүндө 10 факты. Саясаттан энелердин азабына чейин өздөштүргөн ажо
Бир фляга кымыз. Чоң кызматта отурган жетекчиге кошоматтануу совет доорунда да болуп келген. Бир жолу тааныбаган эле бирөө бир койдун этин бир фляга кымызы менен обкомдун биринчи катчысынын үйүнө таштап кетет. Анда аялы мектепте, Султан Ибраимов жумушунда. Кечинде жумушунан келген облустун жетекчиси аны көрүп, эт, кымыз алып келген адамдын аты-жөнүн иликтеп, айдоочусунан кайра бердирип жиберген экен. 

Табышмактуу өлүм. Султан Ибраимовдун кыздарынын биринин айтуусунда атасынын ден соолугу үчүн "кам көргөндөр" 1980-жылдын акыркы айларында аябай көбөйгөн. Жанында жүргөндөр "жумуш кайда качмак эле, дем алып келиңиз" дешип, бир жума мурда эле эс алуудан кайтканына карабастан, кайра Ысык-Көлгө узатышкан. Ибраимов аялы жана небереси менен Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга келгенде аларды бир гана кызматчы келин тосуп чыккан. Резиденцияда башка кызматкерлер, жок дегенде күзөтчүлөрдөн эч кимиси болгон эмес. Күзөтчүлөр, жан сакчылар эртеси, Султан Ибраимов айдоочусу менен кошо атып өлтүрүлгөндөн кийин гана келген. Расмий маалыматтар боюнча аны 1980-жылдын 4-декабрында Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып кетишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0