БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Дордой-1" жаңы конушундагы жети жашар жеткинчекти уурдоого аракет кылган шектүү жаран кызды милиция бөлүмүнө алып барууну көздөгөнүн айтты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Бүгүн эртең менен милиция балдар менен ойноп жаткан кичинекей кызды ой-боюна койбой алып кеткенин, бирок кошуна-колоңдор жеткинчекти алып калышканын маалымдаган.
Бул окуяга айыпкер катары кармалган Талас облусунун 40 жаштагы тургуну кыздын жалгыз турганын көрүп, жоголуп кетти деген ой менен милицияга алып барууну чечкенин айткан.
Учурда ага карата адам уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.