Шадибек Абдибаитов: алма бетине кардар каалаган сөздү жазып берем
"Алма көк болуп турган маалда ар кандай сөздөрдү жазам. Тез жазбаса алма эки жумада кызарып кетет. Мындай алмаларды сатканга жакшы. Себеби элден заказдар келип турат. Мисалы үйлөнүү тойлорго, юбилейлерге куттуктоо же түгөйлөрдүн ысымы жазылган алмаларга заказдар көп болот", — деп билдирди багбан.
Анын айтымында, буга чейин "Поле чудес" теле берүүсүнүн 25 жылдык мааракесине дагы кооз алма жиберген.
Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү, 25-сентябрь күнү Баткендин Кадамжай районунда алма фестивалы болуп өттү.