БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элин мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, тилди өнүктүрүү ар бир жарандын милдети экендигине токтолду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Кайрылууда Кыргызстандын көз карандысыздыгына карай жол эне тилди жоголуудан сактап калуу кыймылынан башталганы белгиленип, өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында ал кыймыл зор коомдук күчкө жеткени айтылат.
"Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн, анын ичинде ал эне тили болуп эсептелбеген жарандар арасында кеңейтүү аракети өз жемишин берип жатат. Дээрлик бардык мамлекеттик мекемелерде кыргыз тили негизги ролду аткара баштады, Манастын тилин үйрөнүүгө далалат кылган башка улуттагы мекендештердин саны көбөйүүдө", — деп айтылат куттуктоодо.
Атамбаев акыркы кезде ата-бабалар мурасына кызыгуу артып, кыргыз элинин руханий жана маданий булактарына кайрылуу көбөйүп жатканын айткан.
"Чынында эле "Манас" эпосундай мухитти жараткан тилдин келечеги кеӊ. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө, анын бардык күч-кудуретин туура колдонуп жана арттырууга бүт баарыбыз – мамлекет, коомчулук, ар бир жаран жоопкер болууга тийишпиз", — деп айтылат кайрылууда.
Мамлекет башчы эне тилди— кыргыз тилди кастарлоо менен гана улуттук жүздү, маданиятты, руханий байлыкты, каада-салттарды сактап калууга болорун айткан.
Белгилей кетсек, 1989-жылдын 23-сентябрь күнү Кыргыз тилинин макамы боюнча мыйзам кабыл алынган.