БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. football-rankings.info сайтындагы маалыматка караганда Кыргызстандын футбол боюнча курама тобу FIFA уюмунун сентябрь айындагы рейтингинде беш сапка төмөндөп, 110-орунду ээлеши ыктымал.
Улуттук команда 7-апрелде беш сапка алдыга жылып 100-орунду ээлөө менен өздүк рекорд жараткан. Бул көрсөткүч май айында дагы сакталган. Бирок июнь айында курама топ 111-орунду ээлөө менен артка кеткен. Ал эми июль айында кайрадан алдыга жылыш байкалып, 104-орунду камсыздашкан.
Сайттын аналитиктеринин пикирине караганда FIFA уюмунун жаңыланган рейтингинде Кыргызстандын курама тобу беш сапка артка жылып 110-орунду ээлеши ыктымал. Упайлардын саны 17ге кыскарып, учурда куржунда жалпы эсеп менен 324 упай бар.