БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 24 саат бою жаңылык берген "Ала-Тоо 24" каналы иштей баштарын КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Twitter социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Эртен 14:00 Кыргызстан тарыхында биринчи 24 саат жанылыктар каналы ишин баштайт. Туну менен даярдык корулуудо! pic.twitter.com/kIypAhDkYm
— Ilim Karypbekov (@ilimkm) 11 сентября 2016 г.
Маалыматка ылайык, канал саат 14.00дөн тарта эфирге чыгат.
Жаңы ачылган каналдын башкы продюсери болуп Жылдыз Жумабекова дайындалды.