БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бүгүн Белоруссияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Мамлекет башчысы Лукашенко кичүү уулу менен Дене тарбия боюнча мамлекеттик университетиндеги №509 шайлоо участкасында добуш бергенин Sputnik Белоруссия маалымат агенттиги билдирди.
Аталган жерди ЖМК өкүлдөрү "номери биринчи" шайлоо участкасы деп атап алган. Себеби, Александр Лукашенко шайлоо болгон учурда дайыма ушул жерден өз добушун берет.
Белоруссиянынтөмөнкү палатасына болгон шайлоо мажоритардык система боюнча өтүүдө. 110 аймактан 110 депутат шайланат. Өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматыга ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоочулардын 31 пайызы өз добушун беришкен.