БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Карен Карапетянды Армениянын премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 8-сентябрда Армениянын республикалык партиясы Карапетяндын талапкерлигин өкмөт башчылыкка жактырган. Буга чейинки премьер-министр Овик Абрамян отставкага кеткенин жарыялаган эле. Ал бул кызматка 2014-жылдын апрелинде дайындалган болчу.
КР өкмөт башчысы өз куттуктоосунда Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы кызматташуунун келечектеги өнүгүүсү өлкөлөрдүн кызыкчылыгына толук дал келет деп ишенерин билдирген.
"Сиздин бул жогорку кызматтагы ишмердүүлүгүңүз биздин өлкөлөр ортосундагы элдин кызыкчылыгында кыргыз-армян кызматташтыгын бекемдейт жана өнүктүрөт деген ишенимдемин", — деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле Карапетянга чын ден соолук, тынчтык жана мамлекеттик жооптуу иште ийгилик каалаган.