БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Шаардык милиция тургундарды Курман айт күнү сак болууга чакырат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.
Эске сала кетсек, быйыл Курман айт майрамы 12-сентябрга белгиленип, айт намаз эски аянтта окулат.
"Курман айт күнү травматикалык жана газ куралдарын, бычактарды алып жүрүүгө тыюу салынат. Бул кадам жарандардын коопсуздугу үчүн жасалууда", — деп айтылат маалыматта.
Шаардык милиция кооптуу адамдар тууралуу маалымат болсо, дароо билдирүүнү өтүнөт.