00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
Жерге мунапыс берүү ишин аяктоого кандай тоскоолдуктар жаралууда?
23:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ДКО: көк бөрүдө тебелендиде калган казак улакчы Бишкекке алып келинди

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү оюну. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал башынан жаракат алган. Андан сырткары, мойну жана көкүрөгүнүн эти сыйрылып кеткен.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү оюну учурунда жаракат алган казакстандык улакчы санитардык авиация менен Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, ал оюн учурунда аттардын тебелендисинде калып, башынан жаракат алган. Андан тышкары мойну жана көкүрөгүнүн эти сыйрылып кеткен.

"Улуттук госпиталга алып келгенден кийин текшерип, адистердин консилиуму өтүп, керектүү дарылоо дайындалган. Учурда анын абалы канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда 989 киши медициналык жардам сураган. Кырчын жайлоосунан 488 киши жабыркаса, Чолпон-Атадагы аймактык ооруканага 38 киши кайрылган. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 82 киши медициналык жардамга муктаж болгон.

Көк бөрү: ат майданды түп көтөргөн сүрөөн, үстөккө-босток тай казанга ыргытылган улак - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү: ат майданды түп көтөргөн сүрөөн, үстөккө-босток тай казанга ыргытылган улак
"Чолпон-Атадагы ден соолукту чыңдоо комплексинен 128 киши кайрылса, ат майданда 260 кишиге медициналык жардам берилген. 16 адам ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

3-сентябрда башталган Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы салынган ат майданда жыйынтыкталды. Алты күнгө созулган мелдеш учурунда 62 мамлекеттен келген спортчу улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0