Чет элдик ЖМКлар Көчмөндөр оюну тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюнунун ачылыш аземи. Архив
Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы акыркы беттешүүлөр бейшемби күнү өттү. Бул иш-чара тууралуу жергиликтүү ЖМКлар эле эмес, чет элдин маалымат каражаттары да макалаларды жарыялар турушту.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары жыйынтыкталды. Бир апта бою 62 мамлекеттен келген спортчулар Ысык-Көлдүн жээгинде спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты.

Театрализованное шоу в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Олимпиаданын "түгөйү": Көчмөндөр оюну дүйнөлүк ЖМКнын видеосунда
Оюндардагы мелдештер жергиликтүү да, чет элдик да ЖМКлар аркылуу дүйнөгө тарап жатты. Sputnik Кыргызстан агенттиги өз окурмандарына Көчмөндөр оюну тууралуу жазган чет элдик ЖМКлардын материалдарын сунуштайт.

"Көңүл буруңуздар! Олимпиаданын ойго келбес эң сонун альтернативасы табылды — Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары" — ушундай тема менен CBS Sport басылмасы өз макаласын сунуштады.

Америкалык телеканалдын материалында бул оюндарда баары — "өрттөнгөн чабандес, мүнүшкөрлөр жана дүйнөлүк кинонун жылдызы Стивен Сигал" бар экени белгиленет.

Мындан тышкары, катышуучулардын баарын кылымдарды карыткан көчмөн элдин салт-санаасы бириктиргени, бирок оюндарга көчмөндөр менен байланышы жок элдер да жүргөнү айтылат. 

"Буларга чындап эле уникалдуу иш-чарага катышуу бактысы буюрду", — деп айтылат макалада. 

Вторые всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Кан кызыткан көк бөрү: чаң ызгыткан тулпарлар, намыска бек жигиттер
Американын ири Fox телеканалы "Кыргызстандагы Көчмөндөр оюну — сиз буга чейин көрүп-билбеген көңүл толкуткан иш-чара" деген аталыш менен макаласын жарыялады.

"Рио Олимпиадасы артта калып, Паралимпиада оюндары жаңыдан гана башталып жаткан маалда дүйнө коомчулугунун көңүлү Көчмөндөр оюну өтүп жаткан алыскы Кыргызстанга бурулуп турат", — деп айтылат материалда.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн этнофестивалдын медиа өнөктөшү болгон Түркиянын ири "Анадолу" маалымат агенттиги "Көчмөндөр оюну — Олимпиаданын масштабдуу жана ажайып түгөйү" деген тема менен макаласын жарыкка чыгарган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0