Оюндун жүрүшүндө ат жарыш, кыз куумай жана тыйын эңмей сыяктуу оюндары болду. Ошондой эле ипподромдо кыргыз менен казактардын ортосунда көк бөрүнүн финалдык бөлүгү өтүп, ал кыргыз жигиттеринин жеңиши менен аяктады.
Sputnik Кыргызстандын редакциясы ДКОнын алкагында өткөн ат оюндарынан тартылып алынган сүрөттөрдү тартуулайт.

Биринен бири ашкан күлүктөр, ээрге жабышкан чабандестер...

Кыз куумай — кыргыздардын салттуу оюну

Жигиттин максаты — кызды кууп жетүү. Эгер жигит максатына жетсе, селкинин бетинен сүйүп, оюн уланат

Күлкү, шаң менен коштолгон оюн

Тыйын эңмей. Чабандес жогорку ылдамдыкта чаап келип, тыйынды эңип алыш керек. Андан кийин аны көккө ыргытат. Учурда тыйындын ордуна түстүү желектер колдонулат

Иподромдо 1600 метрден баштап 22 чакырымга чейинки аралыкта ат чабыштар болуп өттү

Иш-чараны чагылдырып жаткан чет өлкөлүк журналисттер

Чабандестер учурда бүт элдин көңүл чордонунда туруп, башкы каарманга айланышты

Күлүктөрдү кыйкырык-сүрөөн менен колдоп, бүйүрү кызыган күйөрмандар

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи

Казак спортчусу ат чабыштын башкы байгеси — 1,3миллион сомду жеңип алды

Ар дайым, өзгөчө мээ кайнаткан ысыкта "жапжакшынакай" болуп туруу мүмкүн эмес...