Руслан Түмөнбаев: тамеки, кальян чегүүгө тыюу салууну туура кабыл алам
Олимпиада оюндарында коло байге тагынган балбан Руслан Түмөнбаев азыр жаштардын көбү тамеки, кальян чеккенге азгырылып жатканын танууга болбой турганын айтат.
"Азыр жаштардын көбү ушундай нерсеге азгырылып жатканын тана албайбыз. Ар бир нерсенин чеги бар. Чеккендер жана чекпегендер деп бөлүп коюу акыр аягы адамдарды бөлгөнгө да алып келиши мүмкүн", — деди спортчу.
Андыктан аларды чегүүгө тыюу салуу демилгесин колдой турганын билдирди.