БИШКЕК, 7- сен — Sputnik. Ырчы Нурсултан Азыкбаев эл аралык музыкалык "Жаңы толкун- 2016" конкурсундагы экинчи этаптын жыйынтыгы менен 5-орунда келе жатат. Бул тууралуу конкурстун расмий сайтында кабарланды.
Конкурстун экинчи күнү Азыкбаев орусиялык Ромади ырчысы менен дуэт аткарды. Алар Стас Пьеханын "Девочка на шаре" аттуу ырын аткарышты.
Азыкбаевдин акыркы ырына калыстар тобу 134 упай берип, жыйынтыгында 16 катышуучунун ичинен эки ыры үчүн 276 упайга ээ болду. Ал эми лидерликти Украинанын өкүлү Галина Безрук кое бербей келе жатат.
Эскерте кетсек, кыргызстандык катышуучу Азыкбаев Григорий Лепс менен ырдамак, башка себептер менен 26 жаштагы Ромади аттуу ырчы менен сахнага чыкты. Ал эми Лепс болсо бул конкурста жаңы "Криминал" аттуу ырын тартуулады.
8-сентябрда өтүүчү конкурстун үчүнчү күнү кыргызстандык ырчы "Аттиң ай" аттуу автордук ыры менен чыкмакчы.