"Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинде бүгүн 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориал ачылды.
Эстелик үчүн сынак 2013-жылы жарыяланган. Комплекстин курулушу президенттин атайын Жарлыгында каралган.
Мемориал бир нече элементтен турат: уук түрүндөгү үч ири стеланын үстүнө түндүк орнотулуп, андан жоготууну чагылдырган бош үзөңгүлөр түшүп турат. Андан сырткары, 1916-жылдагы окуялардын көтөрүлүш, Үркүн, Ата мекенге кайтуу жана совет бийлигинин орношунан кийинки төрт этабын түшүндүргөн барельеф орнотулган.

Салтанаттын ачылышына чейин мемориал ак мата менен жабылып турду

Мемориалды көрүүгө келе жаткан эл

Каза болгондорду эскерүүгө ар кыл курактагы адамдар жана ар башка улуттук өкүлдөрү келди

Мемориалдын ачылыш салтанатына чет элдик меймандар да күбө болду

Ачылыш салтанатынын алдында

Россиянын Кыргызстандагы атайын өкүлү Михаил Швыдкой

Өлкө жетекчилиги мемориалга гүлчамбар коюу үчүн келе жатат

Каргашалуу окуя баяндалган барельеф

Кыргызстандын гимни жаңырууда

Президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп жатат

Мемориалга гүл коюу

Каза болгондорду эскерүүгө келген эл көп болду

Жоготууну чагылдырган бош үзөңгүлөр
