БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эгемендүүлүктүн 25 жылдыгынын урматына өзгөчөлөнгөн аскерлерди атайын саат менен сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министрдин буйругуна ылайык, Мурат Мамбетов, Уланбек Мырзаканов, Болотбек Кенжематов, Санжар Эркинбаев, Алмаз Медеровдор атайын саат менен сыйланса, Виктор Косаев, Гүлзар Дүйшөнбаева, Мехмен Касымов, Дамир Аккабаковдорго өкмөт башчы алкыш жарыялады.