Жардыруудан жабыркаган Станиславдын энеси: уулум элчиликке жумушка жаңы эле кирген

© Sputnik / Табылды КадырбековСледственно-оперативная группа, у дипломатического представительство Китая в Бишкеке, на территории которого произошел взрыв автомашины марки Mitsubishi Delica.
Следственно-оперативная группа, у дипломатического представительство Китая в Бишкеке, на территории которого произошел взрыв автомашины марки Mitsubishi Delica. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, жаракат алган балдар жардыруудан 100-150 метр алыстыкта болгон. Алар эс-учун жоготпогону менен кулактары тунуп калган.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кытай элчилигинин ичиндеги жардыруудан жабыркагандардын бири Станислав Пономарев жайында убактылуу иштеп туруу үчүн гана аталган өкүлчүлүккө жумушка кирген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын апасы Алена Пономарева билдирди. 

Эске сала кетсек, шейшемби күнү эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу болду. Анда жан кечти автоунаа менен элчиликтин дарбазасын сүзүп, жарылып кеткен. Окуядан Кыргызстандын үч жараны жаракат алган. Алардын бирөөсүнүн ден-соолугу жакшы болгондуктан ошол жерден үйүнө кетсе, экөөсү Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жаткырылган.

"Уулумдун аты Станислав. Ал быйын гана мектепти аяктап Экономика, дизайн жана маалыматтык системалар колледжине тапшырды. Жайында бекер жүргөнчө иштеп турайын деп досу экөө бакчачы болуп ишке киришкен", — деди апасы. 

Ал уулу үй-бүлөдө жалгыз бала экенин кошумчалады. 

"Мен убактылуу иштебей жаткандыктан ал жайкысын жумушка кирген эле. Кабарды угаарым менен жүрөгүм шуу дей түштү. Анан уулумдун аман экенин көрүп эс ала түштүм. Ден-соолугу чың болсо болду. Мамлекеттен бир тыйын керек эмес", — деди Пономарева. 

Аталган борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков балдардын мээси чайкалгандыгын билдирди.

Сотрудники МВД у здания дипломатического представительства Китая в Бишкеке, где произошел взрыв автомашины марки Mitsubishi Delica - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги теракт: Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жан кечти. Хронология
"Бизге эртең мененки 10:30да Тез жардам кызматы жардыруудан жаракат алган Кыргызстандын эки жаранын алып келди. Коюлган диагноз боюнча алардын мээси чайкалган. Учурда медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", — деди Кубатов.

Ал ата-энелеринин балдарды алып кетебиз дегенине карабай ооруканага алып калышканын билдирди. 

"Мен балдардын абалы менен өзүм таанышып чыктым. Алардын айтымында, жардыруу балдардан 100-150 метр алыстыкта болгон. Катуу жарылуу болгондуктан кулактары тунуп калыптыр. Бирок алар эс-учун жоготкон эмес", — деди Кубатов. 

Ал балдардын ден-соолугу жакшы экенин айтып, эгерде ушундай эле болуп турса 2-3 күндө үйүнө чыгарыла тургандыгын кошумчалады. 

Кытай элчилигиндеги болгон теракттын хронологиясын Sputnik Кыргызстан маалыматынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0