Кытай элчилигиндеги теракт: Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жан кечти. Хронология

© REUTERS / Vladimir Pirogov Сотрудники МВД у здания дипломатического представительства Китая в Бишкеке, где произошел взрыв автомашины марки Mitsubishi Delica
Сотрудники МВД у здания дипломатического представительства Китая в Бишкеке, где произошел взрыв автомашины марки Mitsubishi Delica - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең менен жарылуунун үнү бир нече жерде жаңырды деген маалыматтар саат 9:45тер чамасынан тарта тарап, жүрөктүн үшүн алды. Sputnik Кыргызстан окуянын хронологиясын тизмектеп чыкты.

Окуя кантип башталды

Социалдык тармактар жарылуу шаардын түштүк тарабында болду деп жазды. Аларды арасында "Жал" кичи районунун, Орто-Сай базарынын (7-8-кичи райондордор), АКШнын жана Кытайдын элчилигинде болду деген маалыматтар айтылды

Бутага алынган элчилик. Бишкек шаардык милициясы окуя туурасында маалымат түшүп, атайын топ жөнөп кеткенин билдирди. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала алынган кабарда Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Кытай элчилигинин жанындагы имараттан түтүн чыгып жаткандыгын кабарлады. 

Кайгуул милициясы Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан элчиликтин имараты турган аймак курчоого алынгандыгын маалымдап, көп өтпөй ал жерге Тез жардам жана өрт өчүрүүчү автоунаалар келди.

Автоунаа жарылды. Ал арада элчилик имаратынын аймагында автоунаа жарылгандыгы тууралуу маалыматтар тарады. 

Каза болгондор бар. Саат 10:30дарга чукул Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги Кытай элчилигинин ичинде болгон жарылуудан каза болгондор да, жабыркагандар бар экенин, аталган жерге министр Боронов чыгып кеткендигин кабарлады. 

Саперлер иштеп баштады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат аталган имараттын аймагында иштей баштаганын билдирди.

Саат 11лерге жетпей Кытай элчилигинде жарылган унаанын ичиндеги бир адам каза болуп, дагы экөө жаракат алды деген кабар түштү. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова Тез жардам станциясынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметовдон алынган маалыматтарга таянып таратты.

Териге жабышкан кулак. Ал арада интернетке аталган жерде цементтин үстүнө адамдын чачылып кеткен дене бөлүктөрү, тагыраагы жаактын териси менен кошо шыпырылып түшүп калган кулактын сүрөттөрү тарап кетти. Аны эрки бошураак адамдар дит багып карай алчудай эмес. 

Бишкектеги Кытай элчилигинин имараты жардыруудан кийин - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Кытай элчилигинин имараты жардыруудан кийин
Теракт дешти. Жарылуу болгондон тарта болжол менен 1 сааттын аралыгында Кыргызстандагы Кытай элчилигинин ичиндегиги окуяга теракт деген мүнөздөмө беришти. Күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер Жеңиш Разаков жардырууну Mitsubishi Delica автоунаасын минген террорчу-жан кечти жасады деп билдирди журналисттерге. Интернетке тараган маалыматтарда ал катуу ылдамдык менен келип, дарбазаны сүзгөндүгү айтылды. 

Кыргызстан жарандары жабыркады. Жабыркагандардын баары Кыргызстандын 17-18 жаштагы жарандары экендиги, алардын денеси сыйрылып, мээси чайкалганы айтылды. Жабырлануучулар элчиликтин аймагындагы бакчада иштеген балдар болуп чыкты.

Иликтөө иштери. Президент Алмазбек Атамбаев УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев менен ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге Кытай элчилигинин аймагында болгон жардыруунун чоо-жайын тыкыр иликтөөнү тапшырды.

УКМК Кыргызстандагы Кытай элчилигинде болгон жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Жарылуунун күчү. Тартип коргоо органдары бир катар басылмаларга жарылуунун күчү болжол менен 100 килограмм тротилге барабар болгондугун билдирди.

Кытай эмне деди? 

Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу - Sputnik Кыргызстан
Жарылууга эмне себептен Кытай элчилиги туш болду? Эксперттердин пикири
Бишкекке коюлган талап. Кытайдын тышка иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектүү бардык чаралардын көрүлүшүн талап кылгандыгын эл аралык басылмалар жазып чыкты. 

Терактыны эч ким мойнуна ала элек. Кытайдын Бишкектеги элчилигине болгон кол салууну азырынча бир дагы уюм өзүнө ала электигин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин билдирди.

Жардырууну ким жасашы мүмкүн?

Эксперттер бүгүн эртең менен Кытай элчилигинин ичинде болгон жардырууга Чыгыш Түркстандын эркиндиги үчүн кыймыл, Чыгыш Түркстандагы Ислам кыймылы сыяктуу террордук топтордун тиешеси бар экенин айтышты.

Жарылуудан майрамдык маанай өзгөрбөйт

Кытай элчилигинде болгон жарылуу Эгемендүүлүк күнүнө карата боло турчу иш-чараларга таасирин тийгизбейт, бардыгы мурда пландалгандай болот. Бул туурасында Маданият жана тарых жылын өткөрүү, даярдык көрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев билдирди.

Кыргызстандагы өзүн жардырган биринчи жан кечти. Болуп өткөн окуя өлкөнүн тарыхында өзүн өзү жардырып жиберген жан кечтинин биринчи учуру.

Жаңылыктар түрмөгү
0