БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Экс-депутат Эркин Алымбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-августта саат 10:00дө Бишкек шаарында болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.
Эске сала кетсек, бүгүн, 29-августта Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эркин Алымбеков дүйнө салган.
"Маркумдун сөөгү Чыңгыз Айтматов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгарылып, "Ала-Арчадагы" мүрзөгө коюлат", — деди Текебаев.
Анын айтымында, маркум менен коштошуу зыйнаты саат 10:00гө белгиленди.