БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз жарандары каза болгон Москва шаарындагы өрттүн чоо-жайын иликтөө боюнча тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге жана ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, Москва шаарынын Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, өрт чыккан имараттын ичинде кеминде 17ге чукул киши калып калган. Алардын арасында жаш улан-кыздар жана кош бойлуу келин бар экени айтылган.