БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Москва шаарындагы өрттөн 16 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости күч органдарындагы булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, каза болгондор КМШ өлкөлөрүнүн жарандары болгон.
Ал эми Говорит Москва агенттигинин берген маалыматы боюнча каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары бар. Алардын арасында кош бойлуу кыргыз келини болгондугу айтылууда.
Кадрда ыйлап турган, кыргыз түстүү кыз алардын басымдуу бөлүгү жаш кыздар болгондугун айтты.
"Баары жапжаш, 18 жаштарда болучу, алардын арасында кош бойлуу бирөө бар эле. Өрттөн, имараттан кыркка жакын адам чуркап чыкты",— деп айтты ыйлап жаткан кыз.
Учурда өрт толугу менен өчүрүлгөн.