Вольфрам, калай, молибден сыяктуу пайдалуу кендерге бай аймакка кеткен жол 1980-жылы курула баштаган. СССРдин убагында кенди казып алып кайра иштетүү үчүн атайын шаарча куруу чечими чыгарылган.
Шаар 1989-жылы курулуп бүткөн. Ага 20 миң адамды отурукташтыруу пландалган. Сарыжаз тоо кен комбинатынын кызматкерлерине жашоо шарт түзүп берүү үчүн көп кабаттуу үйлөр, мектептер, ооруканалар жана спорттук аянтчалар курулган. Керек болсо аэропортко чейин болгон. Курулуш иштери бүткөндөн кийин СССРдин булуң-бурчундагы жаштар агылып келе баштаган.
Советтер Союзу урагандан кийин шаарда жашоо кыйындай баштаган. Жумушсуздук өкүм сүргөндүктөн эл кайра көчө баштаган.
Учурда аталган шаарда 30 үй-бүлө жашайт. Алар жылкы багып Мерцбахер көлү менен жети миң метр бийиктиктеги тоолорду багынтуу үчүн келген туристтерди кабыл алышат.
Жергиликтүү калктын айтымында шаарда кечкисин ар кандай үндөр угулуп турат. Ал эми жаанга жуулган мүрзөлөрдүн сыртына адам сөөктөрү чыгып калганы шаардын коркунучтуу аталышын тастыктайт.

1/18
© Фото / Влад Ушаков
Эңилчек шаары Ысык-Көл облусунда деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте жайгашкан

2/18
© Фото / Влад Ушаков
Ээн калган шаарга эң жакын жайгашкан калктуу аймак 150 чакырым алыстыкта

3/18
© Фото / Влад Ушаков
Эңилчек кыргыз-кытай чек арасына жакын

4/18
© Фото / Влад Ушаков
Шаарды курчап турган тоолордо калай, вольфрам, молибден сыяктуу кендер бар

5/18
© Фото / Влад Ушаков
1980-жылы шаар аймагында Сарыжаз тоо-кен комбинатында иштеген шахтерлор жашай баштаган. Жалпысынан 20 миң тургун болгон

6/18
© Фото / Влад Ушаков
Учурда Эңилчекте 30га чукул мал чарбасы менен алектенген чабан жашашат

7/18
© Фото / Влад Ушаков
Айжан апа 1980-жылдан бери ушул аймакта жашап келет. Ал шаардын курулушу менен кайра талкаланышына күбө болгон. Жолдошу шаарды куруу иштерине катышкан

8/18
© Фото / Влад Ушаков
Калаага көп кабаттуу үйлөр, мектептер, ооруканалар, спорттук аянтчалар курулган. Керек болсо шаардын өзүнүн кичи аэропорту болгон

9/18
© Фото / Влад Ушаков
Курулуш иштери аяктагандан кийин шаарга СССРдин булуң-бурчунан жаштар көчүп келе баштаган. Союз урагандан кийин шаар ичи ээнсиреп калган

10/18
© Фото / Влад Ушаков
Мектеп класстарын эми окуучулар аттабайт

11/18
© Фото / Влад Ушаков
Шаар Советтер Союзу учурунда пайдалуу кендерди казып иштетүү үчүн курулган

12/18
© Фото / Влад Ушаков
Жарандардын жашоо-тиричилигин камсыздоо үчүн шаардын жер үстүндө жана жер астында иштеген инфраструктуралары болгон

13/18
© Фото / Влад Ушаков
Акыркы жолу бул парталарга окуучулар 25 жыл мурун отурган

14/18
© Фото / Влад Ушаков
Катуу жааган жамгыр мүрзөлөрдү агызып, шамал менен жаныбарлар адам сөөктөрүн чачып салган

15/18
© Фото / Влад Ушаков
Учурдагы аймактын жашоочулары жылкы кармап, туристтер менен альпинисттерди кабыл алышат

16/18
© Фото / Влад Ушаков
Шаар капысынан атомдук бомбалоодон корголгон. Эңилчектеги бомба жашырылчу жер

17/18
© Фото / Влад Ушаков
Жарандарды суу менен камсыз кылуу үчүн жакында шаарга суу мунарасы курулду

18/18
© Фото / Влад Ушаков
Шаар ээнсиреп турганы менен азыркы бийликтин кендерди кайра иштетүү планы бар.
