БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандык сулуу Бегимай Карыбекова өлкөнүн атынан биринчи жолу эл аралык "Top Model Of The World – 2016" сулуулук конкурсуна катыша турганын Interalliance KG компаниясынын директору Таттыбүбү Самидин кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Сынак 18-27-августта Германиянын Бремен шаарында өтөт.
Кыргызстандык сулуу Top Model of the World наамы үчүн 70 мамлекеттен келген бийкеч менен күч сынашат.
"Учурда даярдыктар кызуу жүрүүдө. Ал буга чейин бир катар эл аралык конкурстарга катышып, жакшы тажрыйба топтогон. Сулуулар бикини, кечки жана улуттук көйнөктөрдү көрсөтүшөт", — дейт Самидин кызы.
18 жаштагы Карыбекова буга чейин да бир катар конкурстарга катышып, байгелүү орундарды алган. Ал "КМШ Бикини сулуусу – 2015", "Мiss Кate International – 2015" сынактарында байгелүү орундарды алган. "Мiss Тourism Сhina Тown" конкурсунун баш байгесине татыган.
Карыбекова — Кыргызстандагы эл аралык университеттин студенти.