БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Таиланддык штангист Синпхет Круайтхонганын чоң энеси небересинин Олимпиада оюндарына катышып жатканын көрүп отурган жерде каза болгонун Р-Спорт агенттиги билдирди.
Синпхет Круайтхонга 289 килограммды көтөрүп, коло медаль тагынды. Ал эми алтынды кытайлык Лун Цинцюань илип кетти.
"Алдын ала маалыматтар боюнча чоң эне небересинин штанга көтөрүп жатканын көрүп отурган жерден каза болгон. Учурда экспертиза дайындалып, иликтөө башталды. Чын эле Олипиаданы көрүп каза болдубу же буга чейин оорукчан беле, айтуу кыйын", — деп айтылат маалыматта.
XXXI-жайкы Олимпиада оюндары быйыл Рио шаарында өтүүдө.