БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. "Манас" аэропортунан Кыргызстандын курама командасындагы балбандар Рио олимпиадасына узашты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Негизинен өлкө намысын грек-рим стили боюнча Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, Арсен Эралиев, эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев, Айал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова коргойт. Жалпысынан кыргызстандык спортчулар 19 жолдомого ээ болушкан.
XXXI жайкы олимпиадалык оюндар 5-21-августта Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Ал эми Паралимпиадалык оюндар 7-18-сентябрда болот.