Руслан 25 жашта, Казакстандын Тараз шаарында төрөлүп, эки жылдан кийин үй-бүлө Бишкекке көчүп келген. Царев 2014-жылы Астана шаарында бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталган. Эл аралык турниринде көп жолу байге уткан. Быйыл Стамбулда өткөн эл аралык лицензиялык турнирде Рио олимпиадасына жолдомо алды. Ал эл аралык спорт чебери.
— Үй-бүлөңүз тууралуу азыноолак кеп салсаңыз…
— Апам — орус кызы, атам болсо — казак. Биз эгизбиз, түгөйүмдүн аты Роман Царев. Ал да ушундай эле грек-рим күрөшү менен машыгат. Кыргызстандын спорт чебери, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган.
— Спортко алгачкы кадам эмнеден башталды эле?
— Спорт дүйнөсүнө 12 жашыман аралаштым. 2003-жылы үйүбүзгө жакын жерде "Бүркүт" деген спорт клуб ачылган. Балалык кезде ушул залга жакын жердеги дөбөдө муз тээп ойночубуз. Анан жолдун жээгиндеги спорт клубуна кирип жазылып калдык. Ушул учурдан баштап эгизим экөөбүз үчүн спорт — жашообуздун маңызы болуп калган.
— Эмне себептен грек-рим күрөшүн тандап алдыңыз эле?
— Мен күрөштү атайын тандаган эмесмин, спорттун бул түрүнө жөн эле жазылып алганбыз. Мезгил өткөн сайын грек-рим күрөшү мага жагып, жан-дилим менен берилип калдым.
— Бала кезиңизде эмне жөнүндө кыялданчу элеңиз?
— Бир жолу кошуна балдар менен ойноп жаткан учурда апам бизди үйгө чакырып калды. Ошол учурда сыналгыдан 2000-жылкы Сидней шаарында болгон Олимпиада оюндарынын таймашууларын көрсөтүп жаткан экен. Балалык сезимим менен мага спорт оюндары, кабарлары, мелдештери жагып, бир заматта арбап алды. Мен да олимпиадалык мелдештерге катышкан спортчулардай болгум келди.
— Спорт менен өмүр бою машыгуу мүмкүн эмес. Кийин эмне менен алектенесиз?
— Эртели-кеч мен да чоң спорттон кетем. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Башка кесип тууралуу ойлонгон эмесмин. Бирок спортту таштабайм. Кийинчерээк бала бакча ачсамбы деп жүрөм.
— Түгөйүңүз Роман тууралуу айтып берсеңиз. Эгиздердин жашоосу абдан кызык туюлат эмеспи…
— Эгизим мага спарринг-өнөктөш катары жардамдашат. Экөөбүз Олимпиада оюндарына чогуу даярданып бирге машыктык. Бизди алмаштырып алган учурлар болот, бирок экөөбүздүн мүнөзүбүз ар башка.
— Бири-бириңер менен турнирлерде күрөштүңөр беле?
— Ооба. 2012-жылдын акыркы чемпионатында мен аны жеңип алгам.
— Ал убакта сиздин түгөйүңүз өзүнүн утулушун кандай кабыл алды?
— Нормалдуу эле. Ал башка атандаштарын жеңип, акырында гана мага утулган.
— Өзүңүздүн машыктыруучуңуз жөнүндө айтсаңыз?
— Бизди 12 жашыбыздан бери улуу агаларым Фархад жана Шухрад Ушуровдор тарбиялап келишет.
— Он жылдан кийин сиз өзүңүздү кандай элестетесиз?
— Ушундай эле жаш, бирок үй-бүлөлүү.
— Өзүңүзгө жаккан жана жакпаган сапаттарыңыз?
— Мээнеткечмин. Бул өзүмө жагат. Анан каардуу келем, нервимди жөн эле коротуп, кейий бергеним жакпайт.
— Күрөштөн тышкары кызыккан нерсеңиз болсо керек?
— Бильярд ойногонду, караоке барында ырдаганды жактырам.
— Мелдештерде жеңгенден кийин ыйлаган учурларыңыз болду беле?
— Жок, себеби балалык кезимен кыялданган максатыма жете элекмин. Мүмкүн, Рио олимпиада оюндарында чоң ийгиликтерди багынта алсам, ошондо кубаныч көз жашы болор.
— Олимпиада оюндарынын алдында толкунданып атасызбы?
— Азырынча толкунданбай эле турам. Башталышына жакындаганда балким тынчым кете баштайт го, бирок менин даярдыгым жакшы. Кудайым буюрса, жакшы жыйынтыктарга жетишем деген үмүттөмүн.