БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эки небереси менен "Kalbymda sen" аттуу ырды аткарып, аны көпчүлүктүн назарына сунганын "Түркмөнстан Хроникалары" сайты билдирди.
Аталган басылманын маалыматында мындай идея түркмөн президентинин жаш кезинде эле пайда болгон.
Бердымухамедов дагы бир ырдын музыкасын жаздырып бүтүп калганын, бирок ага ыңгайлуу текст жазыла электигин маалымдаган.
Түркмөн жетекчиси музыкага жакын, ал элдик ырларды да аткарууну жакшы көрөт. "Улут лидери" буга чейин гитарада ойноп, диджейлик өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырып келген.
Былтыр ал Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылган. Анын чыгарган "Бир гана алдыга, сүйүктүү Түрмөнстан" аттуу ырын 4 166 киши аткарган болчу.