Кыргызстандын булуң-бурчунан келген конокторду кереметтүү көл кылаасы жаан-чачындуу аба ырайы менен бирге берекелүү дасторкон, шатыра-шатман маанай жана меймандос эли менен тосуп алды.
Тайлак баатырдын Ак-Талаадагы оңдолгон күмбөзүнө барып куран окуу менен башталган иш-чара театрлаштырылган оюн-зоок, ири программадагы концерт жана бүйүр кызыткан ат оюндары менен коштолду.
Салтанатка келген Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тайлак баатырдын тарыхтагы ордуна токтолушуп, эркиндик кыргыз элинин башкы байлыгы экенин айтышты.

Тайлак баатырдын Ак-Талаа районундагы реставрацияланган күмбөзү. Оңдоп-түзөө иштерин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргызреставрация" ишканасы жүргүзүп, 28-июль күнү аяктады

Баатырдын арбагына багыштап куран окуу

Тайлак баатырдын 220 жылдыгын белгилөөнүн алдында ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков күмбөзгө барып, куран түшүрүштү

Андан кийинки иш-чара Соң-Көлдө уланды

Кыйын кезең... Кыргыздын башына түшкөн мүшкүл

Катуудан казан, жумшактан күл калбаган кыргын

Кыргыздын желеги кайрадан желбиреди

Мааракеде ЖК төрагасы менен өкмөт башчы Тайлак баатырдын тарыхтагы ордун белгилешти

Кыргызстандын булуң-бурчунан келген конокторду кереметтүү көл кылаасы жаан-чачындуу аба ырайы менен бирге берекелүү дасторкон, шатыра-шатман маанай жана меймандос эли менен тосуп алды

Оюн-зоокко күбө болгон эл

Тойго сайгашка күлүктөрүн жетелеген саяпкерлер, ит төрөсү тайгандарын ээрчиткен тайганчылар менен колуна бүркүтүн кондурган мүнүшкөрлөр да келишти

Эки кылым мурун жашаган Тайлак баатырдын эрдиги муундан муунга үлгү болуп кала бермекчи

Салтанат өнөрпоздордун чоң программадагы концерти менен коштолду
