Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга Тайлак баатыр туурасындагы жети фактыны сунуштайт.
Кыргыздардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн. Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп-жашап өткөн кыргыз элинин баатырларынын бири. Аны болжол менен 1796-жылдары жарыкка келип,1838-жылдары каза болгон деп айтып келишет. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү.
Кокон хандыгына жай бербеген Тайлак. Кокон хандыгы Тянь-Шань аймагындагы кыргыздарды кыңк дедирбей кармап туруу үчүн Ак-Талаанын Куртка өрөөнүнө сепил куруп, миңден ашык сарбаздын күчү менен элди эзип турган. Нарындыктар Кокондун эзүүсүнө каршы биринчи күрөшүн 1832-жылы Тайлак жана бир тууганы Атантайдын жетекчилиги менен жасайт. Бирок ал ийгиликсиз аяктайт. Тайлак кайрадан кол курап, Курткадагы сарбаздарга тынчтык бербей, эркин көнгөн эл ордого баш ийген эмес. Кокон хандыгынан Мадали хан жай бербеген Тайлакты туткундоо үчүн Арап башында турган аскер жиберип, чоң салгылаш Бычан жайлоосунда болгон. Кокондуктар 400дөн ашык сарбазынан ажырап, Тайлак баатыр белде кууп жетип, жекеме-жеке сайышта Арапты өлтүргөн. Ошондон бул күнгө чейин ал "Арап өлгөн жер" деп аталып калган.
7 миң аскердин "желин" чыгарган. Тайлак баатыр эр жүрөк кыраакы кол башчы катары өзүн көп кыйчалыш кырдаалдарда жогорку адамдык сапаттарга эгедер экендигин көрсөтө алган. 1825-жылы күз мезгилинде бейкут жаткан кыргыз айылдарына кыргын салган манжур-цын баскынчылардын Байан Бату генерал баштаган 7 миң аскерден турган кошуунунун мизин кайтарган. Ак-Талаанын Кароо капчыгайындагы бул салгылаш кыргыз жоокерлерине даңк алып келген. Бул туурасында тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин жазганы бар. Бирок бир катар булактарда аскерлердин саны 500 деген маалыматтар да айтылып келет.
Жүрөктү өрттөгөн өлүм. 1838-жылы 42 жашында Кокон хандыгынын тыңчылары тарабынан жиберилген дервиш кейиптүү тыңчынын уусунан көз жумган. Баатыр жан таслим болгондон кийин Нарын өрөөнүндөгү тоолук кыргыздар кайрадан Кокон хандыгына баш ийүүгө аргасыз болгон.
Баатырдын изин изилдегендер. Тайлак баатыр тууралуу маалыматтарды алгач жазгыч акын Тоголок Молдо, Абдыкалык Чоробаев эл оозунан жыйнап калтырган. Кийинчирээк тарыхчы жана этнограф, кыргыз элинин чыныгы тарыхын жазуу үчүн көп эмгек кылган профессор Сабыр Аттокуров атайын эмгек жазган. Мындан тышкары, Жумалы Байдилдеев изилдеген. Ал эми жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев "Тайлак Баатыр" тарыхый чыгармасын жараткан.
Маалыматтардын бир катарлары интернеттеги ачык булактардан алынып, пайдаланылды.