БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Бикини сулуусу-2016" сынагынын жеңүүчүсү Саадат Асылбекова Кытайга барбай турганын сынактын уюштуруучусу Амина Юсурова билдирди.
Аталган сынак кечээ, 28-июль күнү болуп, анда жеңүүчү аталган Саадат Асылбекова Кытайда өтүүчү эл аралык сулуулар конкурсуна жолдомо алган.
"Асылбекова мектепте окугандыктан быйыл Кытайда өтүүчү эл аралык сынакка катышпай турган болду. Анын ордуна кийинки орундагы кыздардын бири барат", — деди Юсурова.
Белгилей кетсек, Асылбекова борбор калаадагы мектептердин биринде 10-класста окуйт.