БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Чүй облусунда тоок уурдады деген шек менен 18 жаштагы эки улан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Москва районунун 66 жаштагы тургуну милицияга сарайынан 40 тоок жоголгонун айтып, арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 40 тооктун баасын 18 миң сомго барабар экенин кошумчалаган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, 18 жаштагы эки жигит кармалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинини 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Адатта, уурулуктун бул түрү боюнча бир жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.