БИШКЕК, 16-июль. — Sputnik. Эртең өлкөдө күндүн ысыктыгы 35 градуска жетет. Түнкүсүн жаан-чачын жаабастыгын жана күндүз айрым жерлерде өткүн өтөрүн Кыргызгидомет билдирди.
Бишкек шаарында аба ырайы ачык болуп, күндүн температурасы 33 градуска чейин ысыйт. Ош калаасында аптап 35ка жетет.
Өлкө боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кыргызгидромет 2016-жылдын 16-17-июлунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн айтты.