БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Капар Батырканов өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул туурасында аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.
Жума күнү ИИМдин маалымат кызматы коллегиянын жыйынтыгы менен ыкчам-кызматтык иштериндеги олуттуу кемчиликтери үчүн бир катар бөлүктөрдүн жетекчилери, анын ичинен Батыркановдун да иштен алынгандыгын кабарлаган.
Бүгүн ИИМден Батырканов кызматтан өз каалоосу менен кетти деп билдиришти.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы ал ишинен өз каалоосу менен кеткендигин маалымдады.
ИИББдин маалымат кызматынын билдиргенине таянсак, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгында Чүй облустук милициянын иши жакшы бааланып, мыкты үчтүктүн бирине кирген.