00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Меняющие мир
Аскар Салымбеков: «Человек должен постоянно совершенствоваться»
12:08
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Күн башат
Социалистик эмгектин баатыры Таштанбек Акматовдун эмгеги — “Кыргыз ак топозу”жаңы асыл тукум катары мамлекеттик каттоодон өттү
13:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему транспортные коридоры становятся полем мировой конкуренции
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Көчмөндөрдүн даамы дүйнөнү бириктирет: “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” сынагында 15 өлкөнүн ашпозчулары Кыргызстанда күч сынашат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБ алкагында логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кооперациялар менен иштешүүсү зарыл
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Накыл кеп: өткөндөн калган сөзбү же бүгүнкү күндүн сабагыбы?
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Көчмөндөрдүн даамы дүйнөнү бириктирет: “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” сынагында 15 өлкөнүн ашпозчулары Кыргызстанда күч сынашат
21:09
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Таластык жети жашар бала сууга аккан наристени сактап калды

© Фото / Азамат АрыкбаевСемилетний Байэл и
Семилетний Байэл и - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байэл чоң-атасы менен чоң-энесинин колунда тарбияланып жатат. Ал келечекте куткаруучу болгусу келет.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Талас районундагы Көк-Ой айылында жети жашар Байэл сууга агып кеткен үч жашар наристенин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жеткинчектин чоң атасы Нурман Арыкбаев айтып берди. 

© Фото / Азамат АрыкбаевБайэл менен аман калган Бекназар
Семилетний Байэль и трехлетний Бекназар, которого он спас - Sputnik Кыргызстан
Байэл менен аман калган Бекназар

Окуя 13-июлда каш карайган маалда болгон. Жубайы жана эки небереси менен сарымсак казып жаткан Арыкбаев күн батып баратканына байланыштуу Байэл менен Бексултан аттуу неберелерин тоокторду короого киргизүү үчүн үйгө жөнөткөн. 

"Үйгө кеткен бойдон жок болуп кетишти. Эмне болду деп жолго чыга калсак Байэл үч жашар кошунанын Бекназар деген баласын жетелеп, үйүнө жеткирип баратыптыр. Көрсө кичинекей Бекназар былтыр курулган лотокко тайып кетип, кулаган экен. Суу абдан шар аккандыктан аны тез эле агызып кетиптир", — деп билдирди Арыкбаев. 

Анын айтымында бала агып баратканда Байэл анын алдынан чуркап, ыңгайлуу жерди таап бир колу менен лотокту, экинчи колу менен баланын бутунан кармап сүйрөп чыккан. 

"Эмнеге бизге чуркап келип айткан жоксуң десек, "сиздерге келгенче бала агып кетмек да" деп бизди шердентти. Неберебиздин мындай баатырдык кадамга барарын такыр күткөн эмеспиз", — деди Арыкбаев. 

Байэлдин чоң атасы билдиргендей ал мектепте бешке окуп, сүрөт тартканды жактырат. Ал эми "келечекте ким болгуң келет?" деген суроого Байэл "куткаруучу болгум келет" деп жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0