БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында асынып калган 30 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылганын Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
"Тез жардам кызматына билдирүү саат түшкө жуук, 14.04тө келип түшкөн. Анда 7-кичи райондо эркек кишинин асынып калганы маалымдалган", — деди ал.
Аны аялы асылып калган жеринен тапкан. Учурда кишинин өз өмүрүнө өзүнүн кол салуусуна кандай жагдайлар себеп болгону такталууда.