БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Россиянын Саратов облусунун Ершов районунда жол кырсыктан КРдин эки жараны каза болуп, төртөө жаракат алганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тастыктады.
Буга чейин Россиянын полициясы өздүк булактарына таянып, жол кырсыгына кабылгандар Москадан Кыргызстанга кетип бара жатканда кырсыкка учурганын маалымдаган
Элчиликтен кабарлашкандай кырсык болгон жерде медициналык жардам келгиче 30 жана 19 жаштагы эки кыргыз каза болгон. Андан сырткары төрт киши түрдүү жаракаттарды алып Ершов райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер алардын абалын канааттандырарлык деп баалашууда. Ал эми башка эки жүргүнчү жабыр тарткан эмес.
Бул маселе боюнча КРдин Россиядагы элчилиги иш алып барууда.